Дүйнө жүзүндө кара тумоо илдетине кабылгандар көбөйүп жатканы айтылды

Попова азыркы тапта мындай кырдаалдарга чукул чара көрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Адистин айтымында, климаттын өзгөрүшү менен оору очогунун аймагы кеңейүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө кара тумоо илдетине кабылгандардын саны өсө баштады. Бул тууралуу Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, илдеттин жайылышына күндүн ысышы дагы себеп болуп жатат.
"Биз дүйнө жүзүндө кара тумоого кабылгандар көбөйө баштаганына күбө болуп жатабыз. Бул нерсе дагы бүгүнкү күндүн коркунучтарынын бири. Күндүн ысышы, климаттын өзгөрүшү оору очогунун аймагын өзгөртүп жатат", — деди Попова.
Ал мындай кырдаалдарга чукул чара көрүү өтө маанилүү экенин кошумчалаган.