ИИМ министринин жаңы орун басары Бийбосуновдун өмүр баяны

Адылбек Качкынбекович Бийбосунов 1976-жылы 12-октябрда Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.
Sputnik
Адылбек Качкынбекович Бийбосунов
Билими:
Ички иштер органдарында 1995-жылдан бери иштеп келет. Эмгек жолун академиянын жарандык-укуктук кафедрасынын мугалими катары баштаган.
Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү боюнча башкармалыктын ага оперкызматкери жана Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттиктин штабынын жетекчиси болуп иштеген.
Мындан сырткары, ИИМдин Мыйзамсыз кирешени адалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин ИИМ Академиясынын жетекчиси, министрликтин Кадр боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
2021-жылдын октябрь айында милициянын полковниги Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Мамлекеттик сыйлыктары бар.