"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Кызыл-Кыядагы лидерлери кармалды

Шектүүлөр экстремисттик идеологияны пропагандалап, уюмдун 50дөн ашуун мүчөсү ай сайын чогулуштарды өткөрүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. УКМК Кызыл-Кыя шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн деген шек менен алты жаранды кармады.
Аталган органдын маалымат кызматы билдиргендей, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны пропагандалоо боюнча диний сабактарды, уюмга мүчө болгон Кызыл-Кыянын 50дөн ашуун тургуну ай сайын өзүнүн чогулуштарын өткөрүп турган.
1 / 6
УКМК Кызыл-Кыя шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн деген шек менен алты жаранды кармады
2 / 6
Аталган органдын маалымат кызматы билдиргендей, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны пропагандалоо боюнча диний сабактарды, уюмга мүчө болгон Кызыл-Кыянын 50дөн ашуун тургуну ай сайын өзүнүн чогулуштарын өткөрүп турган
3 / 6
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 314-беренеси ("Экстремисттик уюм түзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган
4 / 6
Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик адабияттар табылган
5 / 6
Анын ичинде 36 китеп, 20 брошюра, 25 баракча, 13 дептер, 15 уюлдук телефон, 15 электрондук буюмдар, бир ноутбук бар
6 / 6
Шектүүлөр Кадамжай райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 314-беренеси ("Экстремисттик уюм түзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган жарандардын тизмеси:
Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик адабияттар табылган. Анын ичинде 36 китеп, 20 брошюра, 25 баракча, 13 дептер, 15 уюлдук телефон, 15 электрондук буюмдар, бир ноутбук бар.
Шектүүлөр Кадамжай райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.