Кыргызстан дөө-шаалардын катарында. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан эки медалы менен 15-орунда турат, ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан 5-орунду ээледи.
Алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр көтөрүлгөн.
Алтынга тете жеңиш болду! Президент Жоламан Шаршенбековду куттуктады
Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келди.