COVID статистикасы: 57 киши вирус жугузуп, бир бейтап каза болду

Кечээтен бери коронавирус бир бейтаптын өмүрүн алды. Жалпы 2 620 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 57 кишиден коронавирус табылып, 67 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 338ге жетти. Анын ичинен 174 086 адам дартты жеңген. Кечээтен бери COVID бир бейтаптын өмүрүн алды. Жалпы 2 620 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Учурда стационарда 458, ал эми амбулатордук шартта 680 адам дарыланып жатат.