Үч лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады. Тизме

Менчик лабораториялардын ичинен үчөөндө ПЦР-тест тапшыруу арзандаганы айтылат. Кээ биринде анализ 1 400 сомдон алынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова Бишкектин айрым лабораторияларындагы ПЦР-тесттин баасы төмөндөгөнүн билдирген.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, ордо калаадагы жеке менчик лабораториялар былтыр бир ПЦР-изилдөөнү 3 000 сомго чейин жасашкан.
"2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин ПЦР-тест тапшыруу арзандады", — деген Жумаканова.
ПЦР-тесттин баасы арзандаган лабораториялар:
Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирусту аныктай турган 19 лаборатория иштеп жатканы айтылды. Анын ичинен 13ү мамлекеттик, алтоо менчик болуп саналат.