БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстан редакциясына кайрылып, кафе жана ресторандарда тамеки, кальян чегүүгө мыйзам менен тыюу салынса дагы иш жүзүндө мурдагы эле көрүнүш уланып жатканын айтып, себебине кызыгышууда.
Коомдук жайда тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров сентябрдын соңунда кол койгон. Мыйзамга ылайык, электрондук тамеки (вейп) тартууга дагы болбойт.
"Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамда документ расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирери жазылган.
Мыйзам президенттин сайтына 28-сентябрда жарыяланып, өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитинин сайтына дагы чыккан. Порталда дагы мыйзам 28-сентябрда жарыяланганы көрсөтүлгөн. Андан бери эки жумага жетпеген убакыт өттү. Тагыраагы, мыйзам 13-октябрда күчүнө кирет.
Мыйзам иштеп баштагандан тарта тартип сакчыларынын рейди болор-болбосу азырынча айтыла элек.
Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмесин материалдан окуңуз.