Экспортко жасалма тоскоолдук жараткан деп министрликтин кызматкерлери кармалды

Тоскоолдуктардан улам ишкерлер продукциясын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн аларга ири суммада акча берүүгө мажбур болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери жана логистикалык компаниянын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кара-Суу: Наримандын жер саткан башчысы,"Кадастрдын" экс-жетекчиси кармалды
Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштургандар кармалып, сот тарабынан тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасы тандалган. Шектүү катары кимдер колго түшкөнү туурасында маалымат берилген жок.