Татарстанда учак кырсыгы 16 кишинин өмүрүн алды

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге кондурууну өтүнүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Татарстандын Мензелинск шаарында L-410 учагы кулап, борттогу 23 кишинин 16сы көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жабыркаган алты киши ооруканада, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко аларды жеке көзөмөлүнө алган.
Республиканын президенти Рустам Минниханов кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге кондурууну өтүнүшкөнүн билдирген. Окуянын себеби иликтенип жатат.
11-октябрь Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жеңил моторлуу L-410 учагы 34 жыл мурун колдонууга берилген. Ал аймактык каттамдарга колдонулат.