БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунун Сарыкемер айылындагы инженердик ок-дары сакталган кампанын аймагында жаңы жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Коргоо министрлигине таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-октябрда эртең мененки саат 7:20лар чамасында катталган. Анда мурунку өрт кесепетин тийгизген зат жарылган.
"Кырсык болгон учурда эч ким иштген эмес. Айлана-тегерегинде адамдар жок болчу. Имарат жана курулуштарга зыяны тийген эмес. Аталган аймакта кырдаал туруктуу", — деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.
Аскер кызматкерлери мындан кийин да бул сыяктуу жарылуулар болушу мүмкүн экенин айтып, кампанын айланасында ок-дарыларды жок кылуу иштери жүрөрүн кошумчалашкан.
Азыркы тапта мурдагы (26-августтагы жарылуу) өрттөн калган жарыла турчу заттарды тазалоо иштери уланып жатканы айтылды.
Эске салсак, 26-августта кечинде Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу катталып, ал алты жолу кайталанган. Кырсыктан төрт аскер кызматкери көз жумган.