Радио

Эшенгулов: Өзгөн — өзүбүздүн шаар дегенди билдирет

Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Өзгөн шаарынын тарыхына токтолду. Анын айтымында, "кент" термини шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүрөт.
Sputnik
Өзгөн — өзүбүздүн шаар дегенди билдирет. Бул байыркы түрк тилдериндеги "кент" мүчөсү "өз" уңгусуна уланып, тыбыштык өзгөрүүгө дуушар болгон топонимикалык аталыш. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "кент" термини шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүрөт жана байыркы түрк тилдүү элдер отурукташкан аймактарда көп кездешет.
"Өзгөн шаарындагы мунара, күмбөз караханиддердин дооруна таандык. Мунара ошол доордун эң мыкты архитектуралык эстелиги, кийин реконструкциядан өткөн. Мындай тарыхый архитектуралык байыркы имараттар азыркы Кыргызстандын айланасында көп эмес. Мисалы: Бурана, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат кербен сарайы, Ак мечит жана Шах-Фазил деп колубуздун манжалары менен эле санак жүргүзүп койсок болот. Өзгөн шаарынын этек жагында Кара-Дарыя, экинчи тарабынан Жазы суусу агат. Анын башатында Кара-Шоро жайлоосу жайгашып, экинчи тарамында Чытты-Базар бар. Андан ары ашып Ак-Талаага түшүшкөн. Ошентип Өзгөн шаары тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Бул шаарды белгилүү филолог, саякатчы, картограф Махмуд Кашгари өзү түзгөн дүйнөнүн картасына Өзгент деп киргизген. Ошондой эле ал өзү түзгөн үч томдук түрк элдеринин сөздүгүндө да "Өзгөн — өзүбүздүн кент, шаар дегенди билдирет" деп жазып калтырган, — деди топонимист.
Ал ошондой эле Өзгөн шаары абдан тегиз жерде жайгашканын кошумчалады.