Нарындын керемети! Күн батар алдындагы көрүнүшү видеодо

Видео асмандан тартылган. Автор кадрлар Нарында тартылганын жазбаса, бул жерди көпчүлүк таанымак эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Николай Гладков укмуш кооз видео тартып Instagram баракчасына жүктөдү.
"Нарын облусундагы Мүдүрүм дарыясынын жээги. Күн батып бараткандагы ажайып көрүнүш", — деп жазган ал.
Видеоролик колдонуучуларга абдан жагып, алар "сонун", "кандай керемет" деген жагымдуу билдирүүлөрүн калтырып жатышат.
Гладков баракчасына байма-бай Кыргызстандын ар кайсы бурчунда тартылган кооз жерлердин сүрөттөрүн жүктөп турат.