Протоколду аттап... Дүйнөлүк саясатчылардын адаттан тыш образдары сүрөттө

Жогорку кызматтагы саясатчылардын кийиминен тарта сүйлөгөн сөзүнө чейин протоколдо каралат. Бирок кээде шартка байланыштуу аракеттер да, кийими да өзгөрүп кетет.
Sputnik
Маселен, президенттер салттуу же маданий иш-чараларга барганда элдин түркүн-түстүү кийим кийгизе калмайы бар.
Өлкө башчылар протоколдон кыйгап кеткен учурларды Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
 
1 / 15
Шляпа, ак футболка кийген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ри Соль Жу менен туздалган азыктар чыгарылган фабрикада
2 / 15
Германия канцлери Ангела Меркель карнавалда маскарапоздун жанында отурат
3 / 15
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Любовь в большом городе — 2" тасмасында
4 / 15
Британиянын ханзаадасы Чарльз Нигерияга болгон сапарында эмир Адо Байерону угуп жатат
5 / 15
Борис Жонсон Лондондун мэри болуп турган убак. Үйүнө кайтып бараткан учурун тартып алышкан.
6 / 15
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана ханзаада Чарльз Виндзор шаарындагы гүл бакчада
7 / 15
Мексиканын президенти Энрике Пена Ньето майрамда цоциль этникалык топтун салтуу кийими менен
8 / 15
Африканын улуттук конгрессинин президенти Жейкоб Зума Түштүк Африкадагы салттуу үлпөт тойдо
9 / 15
Япониянын императору Нарухито тактыга отуруу ырым-жырымы маалында
10 / 15
Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос ак жана кара терилүүлөрдүн карнавалдарынын биринде. ЮНЕСКО бул карнавалды "адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы" деп жарыялаган.
11 / 15
АКШнын мурунку президенти Жорж Буш ыктыярчы уюмдун сыйлык тапшыруу аземине өзгөчө байпак менен келген
12 / 15
Боливиянын мурунку президенти Эво Моралес жана вице-президент Альваро Гарсиа Линера салттуу баш кийимдер менен
13 / 15
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару жергиликтүү өкүлдөр менен жолугушуу учурунда индиялык баш кийим кийип жүргөн
14 / 15
Британиянын ханзаадасы Эндрю жана анын кыздары Евгения менен Беатрис Вестминстер Аббаттыгынан кетип жаткан учур
15 / 15
Гүл менен үлүлдүн кабыгынан шуру тагынган Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Сүрөт Тынч океандагы Манихи атоллундагы иш-чарада тартылган.