Актриса Марал Койчукараева Москвадагы сулуулар сынагында вице-мисс болду. Сүрөт

Койчукараева көпчүлүккө "Ээнсиреген үй" тасмасынан кийин таанылган. Учурда ал Россиянын онкологиялык илим-изилдөө борборунун ветеринардык клиникасында эмгектенет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандык актриса Марал Койчукараева Москвада мигрант кыздардын арасында өткөн сулуулар сынагында "Вице-мисс" наамын жеңип алды.
1 / 6
Кыргызстандык актриса Марал Койчукараева Москвада мигрант кыздардын арасында өткөн сулуулар сынагында "Вице-мисс" наамын жеңип алды
2 / 6
Конкурсту Россиядагы Мигранттар федерациясы уюштурду
3 / 6
Ага катышууга 13 өлкөдөн 50 кыз билдирме жөнөткөн
4 / 6
Финалга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия жана Өзбекстандан 10 кыз өткөн
5 / 6
Биринчи орунду өзбекстандык Рушана Каримова алса, экинчиге кыргызстандык Марал Койчукараева татыган
6 / 6
Марал 31 жашта, Ош шаарында төрөлгөн. Бир уулдун энеси. Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап, актерлукту аркалаган.
Конкурсту Россиядагы Мигранттар федерациясы уюштурду. Ага катышууга 13 өлкөдөн 50 кыз билдирме жөнөткөн. Финалга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия жана Өзбекстандан 10 кыз өткөн.
Дача СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео
Биринчи орунду өзбекстандык Рушана Каримова алса, экинчиге кыргызстандык Марал Койчукараева татыган.
Марал 31 жашта, Ош шаарында төрөлгөн. Бир уулдун энеси. Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап, актерлукту аркалаган. Көпчүлүккө "Ээнсиреген үй" тасмасынан кийин таанылып, учурда Москвада Блохин атындагы онкологиялык илимий борбордун ветеринардык клиникасында эмгектенет.
Бош убактысында укулеледе (кичинекей гитара) ойногонду үйрөнөт, мындан сырткары, скрипкада ойнойт. Сулуулар сынагынын чыгармачыл этабында "Эсимде" аттуу элдик ырды ырдаган.