Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту. Видео

Кыргызстандык спортчу 60 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөштү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту.
Ал 60 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөштү. Эсеп 9:3 менен аяктады.
Биринчи бөлүктө калыс молдовалык балбанга эскертүү берип, аны партерге койгондуктан Жоламанга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок кыргызстандык балбан андан болгону эки гана балл алды. Өз кезегинде Чобану мындай мүмкүнчүлүктөн төрт упайлык ыкма жасап кетти.
Жоламан шашкандыктан атаандашын сүзүп алып эскертүү алды. Мындай учурда эрежеге ылайык, атаандашка дагы эки балл берилди.
Убакыттын бүтө жаздап калганы аз келгенсип, ансыз да бир нече упай алдыда бара жаткан атаандашына жетүү Жоламанга кыйын болуп калды. Натыйжада 9:3 эсеби менен молдовалык спортчу жеңишке жетти.
Шаршенбеков Чобану менен үчүнчү ирет кез келди. Быйыл Токио Олимпиадасынын чейрек финалында ага 7:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми 2020-жылы дүйнө кубогунда аны 8:0 менен жеңген болчу.
Дүйнө чемпионатын багындырган балбан кыздар мекенине кайтып келди. Видео
Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2018-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан күмүш байге уткан. 2020-жылы дүйнө кубогун жеңип алган.
Виктор Чобану 29 жашта. 2018-жылы дүйнө чемпионатынан күмүш алып, 2019-жылы Европа чемпиону болгон.
Жоламандын кармашы менен кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигиндеги мелдешин жыйынтыктады. Спорттун бул түрүнөн жалпы сегиз атлет барган болчу. Башка спортчулар байгелүү орундарга илине алышкан жок.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло уткан. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байгеге ээ болгон.