Өзүм үчүн жашагым келет, бирок уул-келинден чочулайм. Жесир аялдын каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жаштыгын түйшүк менен өткөрүп, эми гана өзү үчүн жашоону каалаган аялдын катын жарыялайбыз.
Саламатсыздарбы! Мен 35 жашымда үч балам менен жесир калдым эле. Анда улуу кызым 11, андан кийинки уулум тогуз, кичүүсү беш жашта болчу. Андан бери 20 жыл өттү. Кудайга шүгүр, балдарым турмуштан өз ордун таап, бапыраган чоң үй-бүлөгө айландык. Кезинде чүрпөлөрүмдү бутка тургузайын деп үч-төрт жумушта иштеген учурум болду. Бирөөнүн жаман сөзүн угузбайын, түрткүнчүк кылбайын деп турмушка да чыккан эмесмин. Чынын айтсам, күйөөнү деле көп каалаган жокмун. Жашоодогу болгон максатым, мүдөөм балдарымдын келечеги болду. Ошону менен жашап, отурсам-турсам тилегим ошол эле. Кудай берип баары мен кыялдангандай. Балдарым эстүү чыгып, орун-очок алышты. Кызымдын барган жери жакшы, кудаларым менен башынан таттуу болдум. Келиндерим да дурус. Азыр неберелерим жыргатып аткан учуру. Иштеген ишим бар, шумдук болуп кетпесем да өзүмө жеткидей акчамды алам. Шартка байланыштуу жалгыз турам. Кичүү уулум жумушунунан улам башка шаарга кетерин айтып келгенде алгач жаман болгом, бирок бара-бара жалгыздыкка да көндүм. Көнмөк тургай бул нерсе мага жага баштады. Анткени кечинде келсең кулак-мээң тынч, үйүң жыйналуу, каалаган тамагымды жасап жеп, каалабасам жасабай коё алат экенмин. Жай отуруп телевизор көрө элегиме көп болуптур. Азыр ойдогу нерсемди көрө алам. Каалаган кишимди ар убакта чакырып, каалаган жериме барып, бир башка дүйнөгө түшүп калгандай эле болуп жатам. Анын үстүнө жашы өтүп калгандар үчүн азыр ар кандай ийримдер көп экен, спорт залга жазылдым, треккингге же жөө саякат деп коет экен, ошого кызыгып жүрөм. Эл-жер көрүүгө кызыкчу элем, өткөндө чет мамлекетке барып келдим. Бирок жакындан бери бир маселе түйшөлтүп келет. Келиним жумушка чыгам деп балдарын мага бактырсам деген оюн кыйытты. Бирок мындай жагдай мага туура келбечүдөй болуп турат, андыктан багарымды да, бакпасымды да айткан жокмун. Эмнегедир менин унчукпаганым балдарыма оор тийгендей. Өткөндө кокустан келинимдин балама "элдин кайненелери эле багат экен балдарын, жашы өтүп калганда үйдө отурсун да..." деп нааразы болуп жатканын угуп калдым. Жашым өтсө өтүп калгандыр, бирок канча өмүр калды ким билет. Мен дагы ошол жашоону жакшы, таттуу жашап өткүм келет. Балдарымдан кантип танайын, бирок мен эч качан өзүмө көңүл бурбаптырмын, түйшүктөн эми кутулуп эс алгым келет. Кудай бүлөдөн айтпагандыр, бирок бактылуу болуш үчүн башка нерселер деле бар экен. Эми канткенде өзүмө каршы келбегидей кылып балдарым менен мамилемди сактап кала алам?..

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Негизи ар бир ата-эне балдарын өздөрү багып, тарбиялап өстүрүүгө милдеттүү. Келиниңиз түз айтпай, "бала карап берүүңүздү" кыйытып айтып, сизден энелик мээрим менен камкордукту да талап кылып жаткан экен. Бул жерде коркуунун кереги жок, сиз да өз мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша оюңузду ачык эле айтканыңыз оң болот го. Мындай карап келгенде жагдайыңызды да түшүнүп турам. Жаш кезиңизде бир топ түйшүктү жалгыз тартып, өз балдарыңызды бөпөлөп, мээрим төгүп өстүргөн экенсиз. Азыр кайрадан бала багып, түйшүк менен үйдө отуруп калам го деп кооптонуп турасыз. Алгач коркпостон келин-уулуңуз менен ийри отуруп түз кеңешип, балдарды кайсы убакта карап бере аларыңызды ачык эле айтыңыз. Анткени сизде деле бош убакыт болушу мүмкүн. Анткени дайыма эле саякаттап же эс алууга чыга бербейсиз да. Ошол жагын такташып алган жакшы.
Кайненем сеп талап кылып, эжемден үй талашууга мажбурмун. Келиндин каты
Бирок өзүңүзгө да караңыз. Эгер такыр эле көңүлүңүз келбесе, анда ал жагын да ойлонуп көрүңүз. Анткени өзүн мажбурлап бала караганда да неберелерге толук кандуу мээрим төгө албай калышыңыз ыктымал.
Неберелерди бакпай койсом балдар менен мамилем бузулуп калышы мүмкүн деген ойдон алыс болуңуз. Болгону бош убактыңызды, пландарыңызды ачык айтып, келин-уул менен сүйлөшүп алганыңыз оң.
Кээде адамдын ой жоруму да фантазиялашып кетет. Эгер ачык сүйлөшүүдөн айбыгып, балдарыңыз менен түшүнүшө албай калышым мүмкүн деп кооптонсоңуз, анда психологго келип жеке кеңеш алыңыз.
Жашыңыз бир аз өтүп калганда жалгыздыктан кичине жабыркап калышыңыз мүмкүн, ушул жагын да эске алуу керек деген ойдомун.