Радио

Оморканов: жер маселеси чечилсе хоккей аренасы курулат

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов эгер өлкө башчынын колдоосу менен жер маселеси чечилсе, Кыргызстанда эл аралык стандартка жооп берген хоккей аренасы куруларын айтты.
Sputnik
Мультиаренанын курулушу боюнча бардык документтер даярдалып, эскизи чийилип, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине да тапшырма берилген. Мындай маалыматты Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө салына турган көп функционалдуу спорттук аренанын курулушуна мамлекеттен каражат кетпейт.
"Биз эл аралык талаптарга жооп берген хоккей аренасын салганга даярбыз. Бул демилгени президент Садыр Жапаров колдойт деген ишеничибиз бар. Анткени мультиаренанын курулушу боюнча бардык документтер даярдалып, эскизи чийилип, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине да тапшырма берилген. Болгону жер маселеси чечилсе курулушу башталат. Мамлекеттен бир тыйын алынбайт. Президент бизди кабыл алса аренанын курулушу боюнча бардык маалыматты айтып, шарттары тууралуу кабар беребиз. Ошону эле күтүп жатабыз", — деди Оморканов.
Ал ошондой эле спорттук арена хоккей, шорт-трек, муз үстүндө бий жана кёрлинг спортторуна ылайыкташып, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүн болорун кошумчалады.