Масштабдуу иш-чара! Ысык-Көлдө өткөн Бирназар бийдин 300 жылдыгынан сүрөттөр

Президент Садыр Жапаровго Бирназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн, 9-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган ири салтанат өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 9
Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгы белгиленди
2 / 9

3 / 9

4 / 9

5 / 9

6 / 9

7 / 9

8 / 9

9 / 9

Иш-чарага президент Садыр Жапаров дагы катышты. Үч-Булак жайлоосунда "Бирназар - биримдиктин уюткусу" аталышындагы кыргыз урууларынын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдашкан спектакли коюлду. Ал этномузыка жана атчан каскадёрлордун трюктары менен коштолду.
Садыр Жапаров Жети-Өгүзгө барып Бирназар бийдин эстелигин ачты
Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып Бирназар бийдин кыргыз жерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон саясий, аскердик жана дипломатиялык чоң салымын белгиледи.
Президент Садыр Жапаровго Бирназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү.
Иш-чарада түрдүү элдик оюндар көрсөтүлүп, бүркүт салуу, тайган жарыштары болду.