Таштандылардын экинчи өмүрү: Иркутскидеги өзгөчө музейдин видеосу

Иркутск облусунда таштандыдан жасалган музей пайда болду. Көргөзмө катары коюлган жайда колу жөндөмдүү адамдардын эмгегинен жаралган, экинчи өмүргө ээ болгон экспонаттарды көрүүгө болот.
Sputnik
Масштабдуу көргөзмө шаардын таштанды ыргытылган аймагында жайгашкан. Аралай басканда ондогон рыцарлар, атчан командири башкарган аскерлер, ар кыл футуристтик темир сөлөкөттөр кишини кайдыгер калтырбайт. Ал эми көргөзмө жайдын аймагындагы имараттын ичинде киргендерди турмуш-тиричилик буюмдарынан жасалган экспонаттар, музыкалык аспаптар, фотоаппараттар, телевизорлор жана башка техникалар тосуп алат.