Садыр Жапаров Жети-Өгүзгө барып Бирназар бийдин эстелигин ачты

Бирназар Алдаш уулу башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөшкөн кыргыз элинин лидерлеринин бири болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда улуттук баатыр Бирназар бийдин эстелиги ачылды.
1 / 4
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда улуттук баатыр Бирназар бийдин эстелиги ачылды
2 / 4
Аземге президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы билдирди
3 / 4
Бирназар Алдаш уулунун 300 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, куран окулду
4 / 4
Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган
Аземге президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы билдирди.
"Бүгүн, 9-октябрда, Бирназар Алдаш уулунун 300 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, куран окулду", — деп айтылат маалыматта.
Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.