Министрлер кабинети көмүргө бирдиктүү баа киргизүү маселесин карап жатат

Агенттик көмүрдүн наркынын жогорулашына сезондук фактор, суроо-талаптын күчөгөнү, ташып жеткирүү акысы кымбаттаганы таасир эткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүр сатылган жайларга барып бааны текшерди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Агенттик тарабынан Кара-Кече кенинде көмүр казган 21 ишканага дүңүнөн сатууга былтыркыдай эле 1250дөн 1330 сомго чейинки баа коюлганы белгиленди.
"Көмүрдүн наркынын жогорулашына сезондук фактор, суроо-талаптын күчөгөнү, ташып жеткирүү акысы кымбаттаганы таасир этти. Кырдаалдан пайдаланып жаткан ортомчулар дагы бар. Агенттиктин пикири боюнча, чыгымдар сатылып жаткан баага дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Жок калыптыр, кымбат сатылууда! Көмүр ала албай карайлаган элдин видеосу
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков жана башка кызматкерлер көмүр саткан жайларды кыдырып, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Ошондой эле жаралган кырдаалды эске алуу менен министрлер кабинети күз-кыш мезгилинде көмүрдүн наркына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу механизмин киргизүү маселесин карап жатат. Бул - калкка көмүрдү жеткиликтүү кылуу жана баасын кармап туруунун бирден-бир механизми.