Facebook менен Instagram иши кайрадан аксады

Колдонуучулар сайттын иштешине жана мобилдик тиркемелер аркылуу кире албай жаткандыктарына нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Facebook менен Instagram колдонуучулары аталган кызматтардын иштебей жаткандыктарын билдирген, бул туурасында Downdetector сайты жазганын РИА Новости кабарлады.
Facebook көйгөйү боюнча колдонуучулар кечинде 00:20 чамасында (Бишкек убактысы) жаза башташкан. Негизинен АКШ, Улуу Британия, Канада, Германия, Италия жана Россияда да иштебей калганын айтышкан.
Колдонуучулар сайттын иштешине жана мобилдик тиркемелер аркылуу кире албай жаткандыктарына нааразы болушкан.
Instagram түн жарымынан, тагыраагы, саат 00:27ден тарта аксай баштаган. Көйгөй АКШ, Германия, Улуу Британия, Нидерланд, Канада, Италия, Ирландия, Испания, Франция, Россия жана башка өлкөлөрдө жаралган.
Марк Цукерберг Facebook тармагынын иштебей калганы боюнча үн катты
Көптөрү тиркеменин иштебей калганын жана сервер менен жалгашкандан кийин жаңылыктар жок болуп кетип, сайт өчүп калып жаткандыгын айтышкан.
Дүйшөмбү күнү Facebook, Instagram жана WhatsApp жети саатка чукул иштебей калган. Бул Facebook тарыхында 2008-жылдан берки алгачкы жолку мындай өчүп калуу болгон. Техникалык көйгөйлөрдүн улам биржадан компаниянын наркы ылдыйлап кеткен.