Brave CF уюмун нокауту менен таңданткан Немат Абдрашитов беттешке чыгат

Спортчу жазында дебюттук беттешинде уюмдун көрүүчүлөрүн нокауту менен таң калтырган. Ошондон кийин Brave CF төрт кармаш өткөрүүгө келишим түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюмундагы кезектеги беттешин 6-ноябрда Ростов-на-Дону шаарында өткөрөт. Бул тууралуу аталган спорттук компания кабарлады.
Анын атаандашы россиялык Абдулмуталип Гаирбеков болмокчу. Алар 65 килограмм салмакта кармашат.
ACA: Алтынбек Мамашов мыкты беттеши үчүн 50 миң доллар бонус алды
Жазында промоушендин турниринде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утуп алган. Ал адегенде атаандашынын мойнунан муунтууга аракет кылган кучагынан чыгып, өзүн ээк тушка сулата чапкан. Беттештин видеосу көптөгөн көрүүчүлөрдү топтогон.
Ошондон кийин уюм менен төрт беттешке келишим түзгөн.