COVID: 66 киши ооруп, экөө көз жумду. 9-октябрдын статистикасы

Ооруп калгандардын саны азайып, айыгып кеткендер көп болгону менен коронавирустан каза тапкандар боюнча көрсөткүч азайбай жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 66 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет менен алышкан 80 адам айыгып чыккан.
Жуктургандар:
Илдет илештиргендердин жалпы саны 179 120га жетти. Анын ичинен 173 953 бейтап айыкты.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда.
"Бир сутка ичинде оору эки адамдын өмүрүн алды. Алар COVID-19га каршы эмдөө албагандар болуп чыкты", — деп айтылган штабдын маалыматында.
Муну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 618ге жетти.
Учурда стационарда 446, ал эми амбулатордук түрдө 680 адам дарыланып жатат.