Жыландын куйругун коё бербей чоюп. Эки жашар баланын кайдыгер калтырбаган видеосу

Австралияда жашаган атактуу крокодил кармагыч эки жаштагы уулу Банжону эң коркунучтуу деген жаныбарлардан чочубаганга үйрөтүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Интернетке эки жаштагы бөбөктүн бир нече кулач болгон жыланды куйругунан тартып, үйүнөн кубалоого аракет жасап жаткан видеосу тарады.
The Daily Mail басылмасы роликти өзүнүн аймагына атагы чыккан, австралиялык Мэтт Райт Instagram баракчасына жарыялагандыгын жазды. Бала эки жашта, ысымы Банжо экени маалым болду.
Кадрдан бөбөктүн бир нече кулач питонду куйругунан кармап алып жашыл айдыңды көздөй тартып жаткандыгын көрүүгө болот. Кичинекей колдору жыландын куйругунан улам жылмышып кетип жатканы да видеого түшүп калган. Анын жанында атасы жүрөт.
Аңчынын баракчасындагы бул ролик көптөргө жагып, 383 миң адам караган. Мындан сырткары, башка социалдык тармактарга да тарап кеткен.
Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео
Комментарийлерге Райтка уулун кичинесинен тарта эч нерседен коркпоого,табиятка урмат менен мамиле кылууга үйрөтүп жатканына ыраазы болуп жазышкан. Аны менен катар эле бул видео аларды чочутканын айткан пикирлерин да калтырышкан.
Мэтт Райт кичи мекенинде крокодиль кармап, жаңы жерге коё берген адис катары белгилүү. Эми атактуу ата уулун эң коркунучтуу деген жаныбарлардан чочубаганга үйрөтүп келет.