Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Видео

Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат. Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалдык этапта ал грузиялык Ираклий Дзимистаришвилини утуп алды. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Биринчи бөлүктө Жоламан ыкма жасаганы жатып атаандашынын алдында калып калды. Бул үчүн грузин балбанына эки упай берилди. Кыргыз спортчусу демилгени колго алып, атаандашты качырып кирип жыгып, далысын басып, таза жеңишти камсыздады.
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү
60 килограмм салмакта ат салышкан Жоламан муну менен мелдештин жарым финалына өттү. Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат.
Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
Жоламан турнирде 1/8 финалдык баскычтан тарта күрөшүп, анда беларустук Максим Кажарскийди жеңген болчу.