БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде утуп алды.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Жоламан атаандашын килем сыртына чыгарып бир упай алды.
Атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн Жоламанга дагы бир упай берилди. Бирок экинчи бөлүктө эки упайлык ыкма жасап, Мамедов эсепти теңеди. Кыргыз балбаны демилгени колго алып, атаандашын ката кетиргенге аргасыз кылып эки упай алды. Жалпы эсеп 4:2 болуп, мелдеш Шаршенбековдун пайдасына аяктады.
Эми Жоламан дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн молдовалык Виктор Чобану менен кармашат. Финалдык беттеш эртең, 9-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө болот.