Түркиядагы сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Курманбекова катышты

Сынакка жалпы жонунан ар кайсы өлкөдөн келген 40 бийкеч катышкан. Филиппиндик Александра Фейт Гарсия Miss Aura International 2021 сынагынын жеңүүчүсү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагында биринчи вице-мисс болгон Саадат Курманбекова Түркияда өткөн эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан чыкты. Бул тууралуу ал өзү Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Miss Aura International 2021 сынагы 20-сентябрдан 5-октябрга чейин Анталья шаарында өткөн. Ага ар кайсы өлкөдөн 40 кыз келген. Саадатка эл аралык сулуулук сынагына катышууну "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын уюштуруучулары сунуштаган.
"Таланттар шоусунда улуттук бийди тартууладым. Натыйжада менин номерим алдыңкы үчтүккө кирди", — деди бийкеч.
Ал эми филиппиндик Александра Фейт Гарсия Miss Aura International 2021 сынагынын жеңүүчүсү болду.