Ошто турак жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 69 долбоор ишке ашты

Бул долбоорлорго каражаттын 30-50 пайызы мэрия тарабынан бөлүнөт, калган сумманы тургундар өзү чогултат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоор ишке ашты. Бул туурасында калаа мэриясы билдирди.
1 / 4
Жыл башынан бери Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында 69 долбоор ишке ашты
2 / 4
Бул туурасында калаа мэриясы билдирди
3 / 4
Анын алкагында көп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын жаңыртуу, ички канализация жана жылуулук менен жабдуу системаларын оңдоо, кире бериштерди, чатырларды, жолдорду асфальттоо иштери жасалганы белгиленет
4 / 4
Шаар мэри Алмаз Мамбетов Кулатов, ХБК кичи райондоруна барып ишке ашырылган долбоорлор менен таанышкан
Анын алкагында көп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын жаңыртуу, ички канализация жана жылуулук менен жабдуу системаларын оңдоо, кире бериштерди, чатырларды, жолдорду асфальттоо иштери жасалганы белгиленет.
Шаар мэри Алмаз Мамбетов Кулатов, ХБК кичи райондоруна барып ишке ашырылган долбоорлор менен таанышкан.
"Бул долбоорлорго каражаттын 30-50 пайызы мэрия тарабынан бөлүнөт, калганын тургундар чогултат. Быйыл кош каржылоо программасынын суммасы 13,8 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Шаар тургундары менен жолугушууда Мамбетов кийинки жылы долбоорлорду кош каржылоонун көлөмүн 50 пайызга чейин жогорулатуу караларын маалымдаган.