Билгендер кабарлап койгула. Милиция издеп жаткан жигиттин сүрөтү

Жоголгон 26 жаштагы Касымбековдун II топтогу майып экендиги жана психологиялык оорудан жапа чегери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Панфилов районунун 26 жаштагы тургуну Жеңишбек Касымбеков 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан милиция ага издөө салды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Ал өткөн айдын жарымында үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген эмес.
Панфилов районунун 26 жаштагы тургуну Жеңишбек Касымбеков 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан, милицияга ага издөө салды
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, кой көз, чачы кыска, кара.
Кийими: көк түстөгү футболка, кара өңдөгү чолок шым жана көк түстүү жайкы тапичкечен болгон.
Өзгөчө белгилери: II топтогу майып (психологиялык оорудан жапа чегет).
Эгерде бул адам туурасында билгендер же аны көргөндөр болсо, тартип сакчылар Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 60-79-89, (0312) 43-88-85 телефондоруна, Панфилов райондук милициясынын (0312) 60-77-27 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.