Башталганда эле далысын жерге басты. Жуманазарова дүйнө чемпиону болгон видео

Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Норвегияда чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон видео жарыяланды. Беттештин кызыктуу жерлерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы жүктөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жуманазарова дүйнө биринчилигинин финалында япониялык Рин Мьядзи менен кармашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө эле балбан атаандашын бир колу менен буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.
Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатын буга чейин Айсулуу Тыныбекова эки ирет жеңген. Биринчи жолу 2019-жылы Нур-Султандан утса, экинчи ирет дал ушул Норвегияда жаңыртты.