БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын борбору Ослодо өтүп жаткан чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында япониялык атаандашын утуп, чемпион болду. Беттеш түз эфирден көрсөтүлдү.
Мээрим Рин Мьядзини бир колдоп буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.
Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.