Көмүрдүн баасын жылда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аныктайт. Быйыл Кара-Кече бассейнине карата баа 1 330 сом деп белгиленген. Биз мындан кымбат да, арзан да сата албайбыз. Бул тууралуу Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул баа учурда борбор калаага келген чыгымдары кошулуп 4 000-4 500 сомго жетүүдө.
"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жыл сайын биздин кетирген чыгымдарды эске алуу менен бааны аныктап берет. Быйыл бул сумма тоннасына 1 330 сом деп бекитилген. Аталган нарк ташып келүү, жүктөө, кампаларда сактоо баалары кошулуп учурда борбор калаада 4 000-4 500 сомго чыкты. Бирок республиканын түштүк аймагындагы облустарда абал башкачараак. Анткени ал жакта Сүлүктү, Алай, Өзгөн бассейндеринен казылган көмүрлөр сатылат. Алар Кара-Кеченикиндей ачык эмес шахта жолу менен казылып чыгат. Тактап айтканда, жер астына түшүп, адамдар казып ташып чыгышы керек. Ал эми ачык бассейндерде ири техниканын жардамы менен бир казганда көп өлчөмдө көмүр даяр болот. Мына ушул айырмачылыктан улам чыгымы да ар башка сумманы түзөт. Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көмүрдүн элге сатылган баасы 6 000-6 500 сомго чыгып жатат. Учурда "Кыргыз көмүр" ишканасы жалпы республикалык керектөөнүн 90 пайызын камсыздайт. Калган 10 пайыздайы гана Казакстандан экспорттолот. Алдыда дагы жаңы көмүр бассейндерин ачуу пландары бар. Алардын бири Алай районунда жайгашкан. Тажикстан тарапка созулуп кеткен Тегенек көмүр бассейнин ачуу иштери азыр жүрүп жатат", — деди Жакыпов.
Жетекчи, мындан сырткары, Ысык-Көлдө Каркырадан тарта Тоң районуна чейин көмүр кени бар экендигин, бирок Жыргалаңда гана казуу иштери жүрөрүн кошумчалады.