Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?

Иран менен Түркиянын геосаясий атаандаштыгы Түштүк Кавказ өлкөлөрүн туруксуздаштырып, улуттук кызыкчылык жана коопсуздукка карабастан аларды аскердик тирешке жетелеп бараткандай.
Sputnik
Бул кооптуулук жана көмүр-суутек жаңжалынын Борбор Азия өлкөлөрүнө да чагылышы ыктымал. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган эки мамлекеттин кадамдарын талдап көргөн.
Азербайжандын Нахичевань автономиясынын чек арасында 1-октябрда Ирандын Кургактагы күчтөрүнүн "Хайбарды багындыруучулар" масштабдуу машыгуулары башталды. Аскердик окууларга төрт дивизия, Аба-десанттык күчтөрүнүн бригадалары, зооттолгон танк техникасы, артиллерия жана сокку уруучу авиация, орто ыраактыктагы "Хордад-3" абадан коргонуу комплекстери ("Бук" зениттик-ракеталык комплексинин аналогу, айтмакчы, дал ушул курал 2019-жылы америкалык RQ-4 Global Hawk учкучсузун кыйраткан).
Мындай масштабдагы окуулар Иранда 30 жылдан бери алгачкы жолу өтүүдө, анан да Бакуга багытталган. Азербайжан аскердик күч жагынан Ирандан алда канча артта калат, бирок дал ушунда буга "эки мамлекет – бир улут" аттуу түркиялык стратегия кошулду. Баку жана Анкара 5-октябрдан тарта Азербайжандын Иран менен чектешкен аймагында "жооп" иретиндеги биргелешкен машыгууларын өткөрүүдө.
Түркия өз территориясында да чек арачылар тобун бекемдеп, аскердик окуулар өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жерде чектешкен мамлекетке 20 чакырым кире ала турган чалгындоочу учкучсуздарын абада дайым кармап турат.
Бир караганда Баку менен Тегерандын мамилесине доо кетишине Карабахты аралап Степанакерт/Ханкенди жана Арменияга мунай өндүрүмдөрүн ташуучу унаалардын өтүшүн чектөө себеп болгондой.
"Жол бербешибиз керек": Батыш Россия менен Кытайды алдамак болдубу?
Армениянын Горис жана Капан калааларынын ортосундагы чектешкен жол тилкесинде 9-сентябрда азербайжандык полиция посту пайда болду. Анда ар бир ирандык айдоочудан 100дөн 260 долларга чейин жол салыгы алынат. Тоолуу Карабахка карай бул ирандык күйүүчү май транзиттик системасын Баку мыйзамсыз деп эсептейт. Анткен менен маселе тереңде жатат...
Иран Түштүк Кавказдагы Түркия менен Израилдин аскердик-саясий активдүүлүгүнүн (таасиринин) күч алышы, ошондой эле Бакуга Анкаранын "агалык мамилесинен" катуу чочулайт. Каспий деңизиндеги азербайжан-түркиялык аскердик машыгуулардан тышкары Иран өзүнүн улуттук коопсуздугуна Азербайжандын Израиль менен аскердик кызматташуусу да коркунуч келтирерин белгилейт.
Ал эми жүк жана бензин ташуучу унаалар Азербайжан менен Ирандын чек арасындагы кырдаалдын болуп көрбөгөндөй курчушуна алып келди. Мунун кесепети Армения жана Грузияга да тийиши мүмкүн.

Камылганы бүгүн башта!

Иран – Түркия тиреши ырбап кетүү коркунучу жок эмес. Ирандын Нахичевань автономиясы менен чектешкен жердеги масштабдуу машыгууларына он миңдеген аскер кызматкери, атап айтканда, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун элиталык дивизиясы, зооттолгон танк дивизиясы, эки пехоталык дивизия, атайын багыттагы аба-десанттык бригадасы катышууда.
Кургактагы күчтөр чабуул коюу операциясына машыгып, буга танк, артиллерия, залптык октун реактивдүү системасы, сокку уруучу авиация, ошондой эле бутасын 700 чакырымдык радиустан кыйрата алчу "Зульфикар" жана "Фатах-313" ракеталык комплекстери катышууда. Иран болжол менен 1 000ге чукул баллистикалык жана канаттуу ракетаны бир залп менен кое бере алат.
Путин менен Эрдоган бири-бирине эмне үчүн зарыл? Жолугушуунун жыйынтыгы
Азербайжандын Түркия, Армения, Иран менен чектешкен Нахичевань автономиясында өтүп жаткан Баку менен Анкаранын "Бузулгус бир туугандык-2021" биргелешкен машыгууларына атайын багыттагы күчтөр, мотоаткычтар жана башка бөлүктөр катышууда. Сокку уруучу учак жана тик учактардын колдоосунда чабуул коюучу бөлүктөр да өз багытында машыгууда. Мындай "диалог" дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кооптондуруп, Түштүк Кавказда транспорттук коммуникацияны тынч калыптандыруу боюнча россиялык долбоорго залал келтирет. "Хайбарды багындыруучулар" жана "Бузулгус бир туугандык" окуулары катар жүрүп жатканда чек арадагы кымындай чагымчылдык да олуттуу аскердик жаңжалга кептеши мүмкүн.
Азербайжанга "агалык" кылган Түркия (балким, Израиль менен Пакистан да) болушат чыгар, бирок мындай оюндарда Баку от менен ойногондой. Себеби Тегеран Азербайжандын Каспийдеги мунай жана газ инфраструктурасын толугу менен миңдеген ракета жана камикадзе-дрондору менен талкалап, аэропортторун "жаап" коюуга кудурети жетет. Андай согуш бир күндө аякташы ыктымал. Учурда Азербайжандын аскердик духу күч. Ыраак аралыкка ылайыкталган "Хец-3" израилдик абадан коргонуу тутумун сатып алууну пландоодо, анткен менен бул чөлкөмгө туруктуулук алып келбеси анык.

Аргасыз көз карандылык

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар 5-октябрда Телавиде Азербайжан жана Грузиядагы кесиптештери Закир Гасанов жана Жуаншер Бурчуладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Хулуси Акар Түркия мындан ары да азербайжан калкы тарапта болорун, "эки мамлекет – бир улут" принцибин карманарын баса белгилеген. "Бир туугандык бригада" долбоору Түркия менен Азербайжандын аскердик күчтөрүнүн ыкчам шайкештигин камсыздоо жана машыгуу, башкарууну пландоону жакшыртуу үчүн башталган.
Хулуси Акар жана Жуаншер Бурчуладзе Түркия менен Грузия да аскердик даярдык жана коргоо өнөр жай жаатында кызматташтыгы бекемдеп келе жаткан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилешкен. Булардан сырткары, Акар үч өлкөнүн географиялык жайгашуусунун маанилүүлүгүнө да көңүлдү бурду. Мунай жана табигый газ өңдүү энергетикалык ресурстарды башка өлкөлөргө, дүйнөнүн бөлөк бөлүктөрүнө жеткирүү жагынан бул абдан чоң мааниге ээ. Түштүк Кавказда ошентип "аскердик бир туугандыктын" олуттуу экономикалык негизи бар. Бирок көмүр-суутектердин күчтүү (стратегиялык) агымы азербайжан (же грузин) армиясынын көз карандысыз ролун жое албайт. Бул кокус Түркия менен Ирандын ортосунда аскердик жаңжал тутанып кетсе, Бакуну (Тбилисини) да ага кошо аралаштырат. Согуштук аракеттерге объективдүү оңтойлуу жагдайлар түзүлүп калды.
Түркия баарынан оболу – Түштүк Кавказдагы НАТОнун авангарды, ошондуктан милитаризация жана туруксуздук күтүлөт. Анан да Азербайжан менен Түркия Нахичеванды Азербайжандын негизги бөлүгү болгон Зангезур коридору менен бириктирүүгө далалат кылат. Бул Түркиядан Кавказ жана Борбор Азияга (Каспий деңизи аркылуу) каалаган нерсени ташууга шарт түзөт.
Карабах окуясына бир жыл: Азербайжан Армения менен элдешүүгө даяр
Улуу Туран долбооруна ар башкача баа берүүгө болот, бирок Тегеран Түштүк Кавказда Анкаранын аскердик-саясий позицияларын чыңдоо аракеттерин таптакыр жактырган жок. Анан калса Израилдин чөлкөмдө улам күч алып бараткан таасирин Ирандын дегеле кыртышы сүйбөйт. SIPRI маалыматына таянсак, Азербайжан куралды 60 пайыз чакты көлөмдө Израилден импорттойт, көлөмү боюнча азербайжандык мунайды импортточулардын экинчи сабында.
Тегерандагылар Баку Иерусалим менен аскердик кызматташтыгын ашкере активдүү өрчүтүүдө деп кине коюуда. Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунун жетекчиси Хосейн Пурэсмаилдин мурун эле "Азербайжандын Израиль менен кызматташуусу Бакунун кызыкчылыгына жат, тескерисинче, ага коркунуч туудурат" деп билдиргенин да эске салалы.
Иран менен Азербайжандын алакасы чындап эле бузулганы айкын. Чөлкөмдү катуу силкинте турган кырдаал дагы көпкө созулчудай түрү бар...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.