Радио

Бообеков: диабеттен буту чиригендерди ампутация кылбай сактап калса болот

Диабетикалык бут жана айыкпаган жаралар боюнча жеке клиниканын жетекчиси Максат Бообеков туура эмес тамактануу, спирт ичимдиги, тамеки чегүү жана ашыкча салмак диабетикалык буттун пайда болуусуна алып келерин айтты.
Sputnik
Кант диабети — инсулин гормондорунун иштебегендиги же жоктугуна байланыштуу канда шекердин деңгээли жогорулап кетиши. Бүгүнкү күндө мунун кесепетинен бут ириңдеп, чирип, диабетикалык бутка айлануусу чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу Максат Бообеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнө жүзүндө ар бир 20 секунд сайын диабет менен ооруган бир кишинин буту кесилет.
"2017-жылкы статистика боюнча, дүйнөдөгү ар 11 кишинин бири диабет менен жабыркай турганы аныкталган. Жыл өткөн сайын бул көрсөткүч өсүүдө. Кыргызстан боюнча жалпы 5 миллион калкты гана ала турган болсок, анын 10 пайызында кант диабети бар. Ар бир төрт диабетиктин бирөөсүнүн бутуна жара чыгат. Тилекке каршы, оору күчөп кеткен учурда бут ампутация болот. Бул маселени дүйнө жүзү боюнча карай турган болсок, ар бир 20 секундада диабет менен ооруган бир кишинин буту кесилет. Бирок тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп бул адамдардын 80 пайызынын бутун сактап калса болот. Бут күн сайын адамдын салмагын көтөрүп, кыймылда болгондуктан ар кандай жаракат алат. Диабет менен оорубаган, кан тамырлары жакшы иштеген адамдардын ткандары улам жаңыланып тургандыктан эч кандай маселе жаралбайт. Ал эми кант диабети бар кишинин бутунун кан тамырларынын сезүүсү жоголгондуктан бутун уруп же тыттырып, жаракат алганы билинбей, ал жер сезгенип жара пайда болот. Аны дароо врачка көрсөтүп дарыласа, андан кутулуу оңой. Ошондуктан диабети бар адам күн сайын бутун, таманын карап текшерип турушу керек", — деди Бообеков.
Дарыгер буттун ириңдеп, чирүүсүнө ыңгайсыз бут кийим, ысык нерсе басып жылытуу, ар кандай жаракат, буттун жоорушу себеп болорун кошумчалады.