Абайлагыла! Боом капчыгайында төрт күн бою таш кулатылат

Боом капчыгайында кооптуулук жараткан таштар маал-маалы менен атайылап кулатылып турат. Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Пресс-борбор
Жарыктын өчүрүлүшү "Коопсуз шаардын" ишине таасир этеби?
Аталган иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жарым-жартылай жабылат. 30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол ачылары белгиленди.
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалып жатат.