Уранды алдынан жардам сураган үндөр угулууда. Батумидеги кырсыктын видеосу

Үйдүн ураган подъездинде 12 үй-бүлөнүн жашаганы айтылды. Ал жерде иштеп жаткандар 6-7 жаштардагы баланы куткарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Батуми шаарында беш кабаттуу үй урап, уранды алдынан куткаруучулар менен кошо жергиликтүү жашоочулар адамдарды издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Грузия жазды.
Үйдүн ураган подъездинде 12 үй-бүлөнүн жашаганы айтылды. Ал жерде иштеп жаткандар 6-7 жаштардагы баланы куткарышкан.
Маалыматта уранды алдынан жардам сураган үндөрдүн угулуп жатканы айтылды.
"Уранды алдындагы үч киши менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. Алардын бири телефон менен 112 кызматына СМС жибергенге жетишкен", — деп жазды агенттик.
Аймактагы жашоочулар узун чынжырча болуп туруп алып, урандыларды колдон-колго өткөрүп, тазалап жатканы айтылды. Себеби аймакты тазаламайын атайын куткаруучулардын техникасы ал жерге кире албайт деп жазды агенттик.