Баткенде селден жабыркагандарга жер берилип, жаңы айыл түштү. Сүрөт

Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен жана Лейлектин тургундары болуп саналат. Алар жашоого кооптуу делген аймактардан келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жай айында жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен 75 жаранга Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылынын Дюкер участкасынан турак жай үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Жай айында жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен 75 жаранга Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылынын Дюкер участкасынан турак жай үчүн жер тилкеси берилди
2 / 4
Участкалар өлкө башчынын облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен берилди
3 / 4
Жерлерди бөлүп берүү иш-чарасына президенттин өкүлү да катышты
4 / 4
Айылдын башкы планы даяр. Бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген
Участкалар өлкө башчынын облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен берилди. Жерлерди бөлүп берүү иш-чарасына президенттин өкүлү да катышты.
"Облус башчысынын көзөмөлүнүн астында үч райондун элин бир участкага жайгаштырып, жаңы Ынтымак айылы түптөлө баштады. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен жана Лейлектин тургундары. Алар жашоого кооптуу делген аймактардан келишкен. ӨКМ тарабынан аларды коопсуз аймакка көчүрүү чечими чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Айылдын башкы планы даяр. Бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген.