Баткен окуясында жабыркаган ишкерлер кээ бир салыктардан бошотулду. Тизме

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 220 объект, 138 үй талкаланган. Мунун айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Баткен окуяларында жабыркаган жарандар бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-30-апрелдеги окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабыл алынды. Баткен облусунда болуп өткөн окуялар "ал жеткис күчтүн жагдайлары" аныктамасына дал келет деп таанылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейин жабыркаган ишкерлердин тизмесине киргендер (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:
Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган.
Материалдык чыгым тууралуу айтсак, жаңжалда 220 объект, 138 үй талкаланган. Мунун айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом зыянга учураган.