Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар

Бүгүн белгилүү актер, КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов 66 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын кинодо жараткан кызыктуу образдарын сүрөттөр менен сунуштайт.
Sputnik
Актер жана режиссер Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда төрөлүп, балалыгы Фрунзе шаарында өткөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде түрдүү иш-чараларга жигердүү катышып, 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган. Өспүрүм Сабира Күмүшалиеванын небересинин, Орозбек Кутманалиев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын уулунун ролун аткарган. Кийин актердук боюнча Алматы шаарында билим алып, кыргыз мамлекеттик драма театрына кирет. Куттуу жайда Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев өңдүү залкарлар менен бирге сахнага чыгып, андан соң "Тунгуч" театрында иштеп, кинофильмдерге да тартылып турган.
Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер
Өмүрүн киного арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуса болот.
1 / 12
Болочоктогу актер 16 жашында алгачкы жолу кинофильмге тартылган
2 / 12
Өспүрүм "Ак куулар конгон айдың көлдө" башкы каарман Мукайдын образында
3 / 12
Режиссер Болот Шамшиев тарткан "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган
4 / 12
Актер "Куугунтук" кинокартинасында жоокер Шатековдун ролунда. Сүрөттө кесиптештери менен.
5 / 12
Мурат Мамбетов жаштайынан улуу муундагы актерлор иштешип, алар менен ынак мамиледе болгон
6 / 12
Мамбетов "Квартирант" фильминде жаш үй-бүлө башчысынын ролунда
7 / 12
Ата-баланын мамилесин чагылдырган "Ыйык журт" тасмасында Мамбетов башкы ролдо
8 / 12
КРдин эмгек сиңирген артисти "Беларусфильм" тарткан "Жашыруун сейилдөө" фильминде
9 / 12
"Чиркин өмүр" тасмасында актер Жаздыктын ролун аткарган
10 / 12
Мамбетов "Аян", "Чиркин өмүр, "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой" жана "Тор" фильмдеринин режиссеру
11 / 12
"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Сүрөттө белгилүү советтик актер Талгат Нигматулин жана Мурат Мамбетов.
12 / 12
66 жаштагы актер, режиссер азыр да кинематография тармагында эмгектенип келет