АКШда полиция кызматкерлери атып салган кыргызстандык. ТИМ үн катты

Буга чейин Пенсильвания штатында полициянын машинасын койдуруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун тартип сакчылар атып салганы, ал Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огунан каза тапты делип жаткан адам Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдирди.
"Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Пенсильвания штатында 28 жаштагы кыргызстандыктын каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, ага полиция кызматкерлери бир нече ирет ок чыгарган. Окуя 5-октябрь күнү болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик окуянын чоо-жайын билүү үчүн Мамлекеттик департаментке жана АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлигине кат жолдоду.
"Маркумдун жакындары анын сөөгүн тиешелүү документтер даяр болору менен мекенине жөнөтүүнү пландап жатат. Элчилик анын бир тууганы менен байланышта болуп, документтерди тууралоо боюнча мүмкүн болгон жардамын көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Пенсильвания штатында полициянын машинасын койдуруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун тартип сакчылар атып салганы, ал Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган.
Элчилик мигранттардын Санкт-Петербургда кармалышы боюнча түшүндүрмө берди
Ага ылайык, саат 04:30дар чамасында Жерси-Шор менен Майл-Ран аймактарына жакын жайгашкан жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жайга наряд чакыртылып, тоноо болгону кабарланган.
Тартип сакчылары жерине келгенде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу транспортун тыныкчу аялдамага токтотуп, өзү анын ичине бекинип алганын байкашкан. Полиция өкүлдөрү машинаны курчоого алып, шектүүнү мажбурлап сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу жүк ташуучу автосу менен полициянын эки машинасын койдуруп кеткен. Мындан улам тартип сакчылар ага карай ок чыгарган. Телеканалдын маалыматына караганда, оор жаракат алган айдоочу ошол жерден эле жан берген. Бир нече офицер жеңил жаракат алган.