БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Пенсильвания штатында полициянын огунан каза тапкан Кыргызстандын жараны карактоо боюнча шектелип жаткан. Бул тууралуу жергиликтүү PaHome Page порталы жазды.
Маалыматка караганда, полиция каргашалуу окуя болгон жерге чейин анын артынан аңдып барган.
“Алгач кыргызстандык полициянын айтканына баш ийбей, өзүнүн автоунаасынан чыкпай койгон. Кийин качып кетүүгө аракет кылып, полициянын үч автоунаасын сүзүп өткөн. Ошондон кийин ага ок атылган. Жыйынтыгында жаран көз жумган. Полициянын бир нече офицери жеңил жаракат алган”, — деп жазылат кабарда.
Буга чейин Пенсильвания штатында полициянын машинасын койдуруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун тартип сакчылар атып салганы, ал Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй КР ТИМи маалыматты тастыктаган. 28 жаштагы кыргызстандык, алдын ала маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлеринин колунан 5-октябрь күнү каза болгон.