COVID: 84 киши ооруп, экөө көз жумду. 8-октябрдын статистикасы

Республикалык штаб COVID Ош, Талас жана Нарын облустарында катталбагандыгын билдирди. Өлүм коронавируска каршы эмделбегендер арасынан катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 84 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет менен алышкан 77 адам айыгып чыккан.
Жуктургандар:
Илдет илештиргендердин жалпы саны 179 120га жетти. Анын ичинен 173 873 бейтап айыкты.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда.
"Бир сутка ичинде оору эки адамдын өмүрүн алды. COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды", — деп билдиришти штабдан.
Муну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 616га жетти.
Учурда стационарда 440, ал эми амбулатордук түрдө 703 адам дарыланып жатат.