БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Россиянын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Эки президент кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулаган.
Жапаров Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган.
"Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Путиндин чоң салымын белгиледи. Ошондой эле Жапаров Россия лидерин Мамлекеттик Думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Өз кезегинде Путин куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгилеген.
Эске салсак, бүгүн, 7-октябрда, Россия лидери Владимир Путин 69 жашка чыкты.