Японияда катуу жер титирөө болуп, 10дон ашуун киши жабыркады

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:41де катталган. Соңку маалыматтар боюнча, жабыркагандар 16 кишиге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Япониянын Тиба префектурасында магнитудасы 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Япониянын Метеорология башкармалыгына таянуу менен РИА Новости жазды.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:41де катталган. Япония Кыргызстандан үч саат алдыда экени белгилүү. Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилди. Жаратылыш кырсыгынын видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.
Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысынын маалыматы боюнча, кеминде 16 киши жабыркады. Поезд кыймылы токтотулуп, аз убакыттан кийин кайра жанданган. Цунами коркунучу жок. Бирок суу түтүктөрү жарылып, өрттөнүп жатканы боюнча билдирүүлөр түшкөн.