Ош шаарынын стилин иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Жеңүүчү 100 миң сом алат

Жеңүүчүгө 100 миң сом, экинчи орунду ээлегенге 50 миң сом берилет. Сынакка катышуучу эмгектер 1-ноябрга чейин берилиши зарыл. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда чыгарылат.
Sputnik
Ош шаарынын мэриясы калаанын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн Ош — Silk Road Provider деген аталышта сынак жарыялады. Шаар мэри Алмаз Мамбетовдун буга байланышкан кайрылуусу муниципалитеттин социалдык баракчасына чыкты.
Сынактын шарттары:
Ош брендинин визуалдаштыруу боюнча сунуштардын саны чектелбейт;
Жеңүүчүгө 100 миң сом, экинчи орунду ээлегенге 50 миң сом берилет. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда чыгарылат.