Радио

Мамбеталиева: Кыргызстанда менингит илдети менен 9 адам катталды

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразитардык оорулардын жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын эпидемиологу Айнура Мамбеталиева Кыргызстанда учурда менингит илдети менен тогуз адам катталганын айтты.
Sputnik
Менингит баш мээнин чел кабыгынын сезгениши. Анын бактериялык жана вирустук деген эки түрү бар. Бактериялык менингиттин козгогучтары пневмококк, менингококк, стрептококк болуп эсептелет. Ал эми вирустук менингит кандайдыр бир инфекциялык оорулардан улам пайда болот. Отит, гайморит, кургак учук күчөп кеткенде баш мээнин чел кабыгы сезгенет. Бул тууралуу Айнура Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, менингит менен ооругандардын 70 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
"2021-жылдын башынан тарта ушул убакка чейин Кыргызстанда менингит илдети менен тогуз адам катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге аз. Өткөн жылы бул учурда илдет 18 кишиден аныкталган эле. Менингит менен төрт киши Чүй облусунан, калгандары Нарын, Ысык-Көл жана Ош облусунда катталды. Менингит оорусу 2013-жылы күч ала баштаган. Ал эми 2015-жылы ооругандардын саны жогорку чекке жетип, ошол маалда өлкө аймагында 394 оорулуу бар болчу. 2016-жылдан баштап бейтаптардын саны кескин азайды. Себеби менингит оорусу ар бир 10-15 жылда баш көтөрүп турат. Биз келерки 2025-жылдары ооругандардын саны көтөрүлүп, 2029-жылы бейтаптардын саны жогорку көрсөткүчкө жетет деп божомолдоп жатабыз. Менингит илдетинин негизги көбөйгөн учуру кыш-жаз мезгилине туура келет. Мезгилдик ооруга климаттык шарттар, температуранын кескин өзгөрүшү, жогорку нымдуулук сыяктуу факторлор таасир этет. Менингитти өз учурунда дарылабаса өлүмгө кептей турган оору. Өзгөчө менингококцемияда денеге кызыл тактар чыгып, алар биригип көк түстө болуп калат. Мындай учурда бейтапты сактап калууга медицинанын күчү жетпейт," — деди Мамбеталиева.
Эпидемиолог менингитте адамдын башы ооруп, кусуп, эсин жоготуп, дене табы 40-41 градуска көтөрүлгөндөн тышкары желке тырышып, адамдын ээги көкүрөккө жетпей каларын кошумчалады.