Жыл соңуна чейин 500 млн. сомдук мамлекеттик мүлктү сатуу пландалууда

Учурда приватташтыруу программасына 25тей объект киргизилген. Анын ичинде активдер дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фонду быйыл жыл соңуна чейин объектилерди сатуудан 500 миллион сом киреше табууну пландап жатат. Бул туурасында аталган фондунун төрагасы Мирлан Бакиров парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда приватташтыруу программасына 25тей объект киргизилген. Мунун ичинде активдер дагы бар.
"Азыр мүлктөрдү этап-этабы менен баалоо процесси жүрүп жатат. План боюнча 2021-жылга 500 миллион сом каралган, ошону аткаруу аракети жасалууда", — деди Бакиров.
Парламент MegaCom компаниясын менчикке сатууга макулдук берди
Депутат Экмат Байбакбаев "бул боюнча конкурс өтүп, бааланып бүткөн объектилер барбы?" деп сурады.
Бакиров азыр баалоо процесси бүтө электигин айтып, андан соң ачык аукционго чыгарыларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды.