Кыргызстан медалдар жарышында алдыңкы бештикте. Дүйнө чемпионатынын рейтинги

АКШ биринчи орунда, Россия экинчиде, Иран үчүнчү сапта келе жатат. Ал эми Япония төртүнчү катарга жайгашты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алган медалдардын саны боюнча жарышта 5-орунга чыкты. Бул тууралуу мелдештин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылат.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Бүгүн мелдештин бешинчи күнү. Кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулардын финалдык таймаштары калды. Ал эми 5-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши жыйынтыкталган. Бүгүн, 7-октябрда, грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыгат.
Мелдештин бешинчи күнүндөгү медалдар боюнча көрсөткүч:
Жуманазарованын беттеши. РФтин машыктыруу штабы калыстар тобунун үстүнөн даттанат
Бүгүн Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн япониялык Рин Мьядзи менен кармашат.
Дүйнө биринчилиги 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.