Жыйнакта карыган курагында дүйнөнү таң калтыра алган 15 киши тандалды. Алардын окуялары, басып өткөн жолу укмуштуудай. Кимдир бирөө ди-джей болуп калса, кээси миллиондорду тапкан бизнес баштаган.
1 / 15
Нельсон Мандела — түштүк африкалык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейин Түштүк Африканын президенти; апартеид мезгилиндеги адам укуктарын коргоо жаатындагы эң атактуу активисттердин бири болгон. Бул үчүн Мандела 27 жыл түрмөдө отурган. 1993-жылы Нобель сыйлыгына татыган.
© AP Photo / Rajesh Jantilal
2 / 15
Модель Филипп Дюма — 2015-жылы 60 жашында жашоосунун жаңы барагын ачып, карьерасын баштаган. Анын модадагы белгиси болуп калган сакалы менен мурутун так ошол кезде өстүргөн.
© Photo / Instagram / Philippe Dumas
3 / 15
Сильвия Уэйнсток 52 жашында бала бакчадагы тарбиячы кызматын таштап, өзү сүйгөн таттууларды жасоону чечкен. Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң ийгиликтүү кондитер-ашпозчулардын бири.
© AFP / Manny Hernandez / Getty Images
4 / 15
Уинстон Черчилль 65 жашка чыкканда Улуу Британиянын премьер-министри болгон. Өкмөттү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жетектеген. 11 жылдан соң бул кызмат орунга кайрадан келген. Тарыхта британиялык улуу адам деп таанылган.
© AFP
5 / 15
Лесли Нильсен канадалык жана америкалык актёр. 1990-2000-жылдары ал 60 жашка чыкканда ийгиликке жетип жылдызы жанган.
© AFP / Kevin Winter / Getty Images
6 / 15
Рут Флауэрс 68 жашка таяп, кемпир болгон куракта небереси менен түнкү клубга баргандан кийин ди-джей болууну чечкен. Азыр ал айына бир нече концерт берет, атактуу ди-джейлер Tiesto жана Guetta менен иштеген.
© AFP / Daniel Reinhardt
7 / 15
Натуралист жана саякатчы Чарльз Дарвин тирүү организмдердин эволюциясы жөнүндөгү идеяны биринчилерден болуп негиздеген. Ал карып калганга чейин илимий эмгектерин жарыялады.
© AP Photo
8 / 15
Рональд Рейган 1980-жылы 69 жаш курагында АКШ президенти болуп шайланган. Ал мамлекет башчысы кызматына экинчи мөөнөткө да тандалган.
© AP Photo / Chuck Robinson
9 / 15
Момофуку Андо япониялык ишкер жана тез даярдалуучу кесмелерди ойлоп тапкан адам. Эң оор сыноолорго кырк жаштан ашканда туш болгон. Ошентсе да өжөрлүгү менен бай тажрыйбасы атын ааламга чыгарды.
© AFP / Yoshikazu Tsuno
10 / 15
Жеффри Лайф өмүр бою дарыгер болуп иштеп, 60 жашка келгенде өзүнүн ден соолугуна кам көрүү зарылдыгын сезген. Учурда ал 83 жашта, китеп жазат.
© Photo / Dr. Life
11 / 15
Харланд Сандерс 40 жашында тооктун этинен тамак жасай баштап, бара-бара атактуулукка жеткен. Бирок 65 жашында рестораны чыгымга учурайт. Франшиза ачууну чечип, 10 жылдан кийин, 1964-жылы, аны эки миллион долларга саткан. Бүгүн KFC бренди бүткүл дүйнөгө белгилүү.
© AP Photo
12 / 15
Жон Рональд Руэль Толкиен дүйнөгө белгилүү "Властелин колец" фантастикалык эпостун автору. Ал 60 жашка таяган чакта гана атак-даңкка жеткен.
© AFP / HO
13 / 15
Блогер Лин Слейтер 60 жылдан кийин деле стилдүү көрүнүүгө болорун көп жылдардан бери далилдеп келет. Жүз миңдеген адамдар анын социалдык тармактагы баракчасына катталышкан. Слейтер таасирдүү адам болуу үчүн миң жыл жашоонун зарылчылыгы жоктугун айтат.
© AFP / Getty Images North America / Noam Galai
14 / 15
Анна Мэри Робертсон-Мозес "чоң эне Мозес" деген ат менен белгилүү, америкалык живопись примитивизминин негизги өкүлдөрүнүн бири болуп калган ышкыбоз сүрөтчү.
© AP Photo / Arthur Z Brooks
15 / 15
Фаужа Сингх 2011-жылы 100гө чыкканда жашы эң улуу марафончу катары дүйнөлүк рекорд койгон. Андан кийин да ал бир канча жарыштарга катышкан.
© AFP / Philippe Lopez